06:30, 13-март, 2026

Бишкекте Орус тили жана маданият борбору ачылып, «Номад ТВ» өз ишин баштаганы маанилүү окуя болду, - Владимир Путин

На русском
17:27, 26-ноябрь, 2025 475

АКИpress - 26-ноябрда Бишкек шаарындагы «Ынтымак ордодо» Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи өттү. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн башчылары басма сөз үчүн билдирүү жасашты.

«Биздин иш-сапардын алдында Бишкек шаарында Евразиялык орус тили жана маданият борбору ачылып, Кыргызстанда орус тилиндеги жаңы телеканал — “Номад ТВ” өз ишин баштаганы маанилүү символикалык окуя болду», — деди Путин өз сөзүндө.

Владимир Путин өз кайрылуусунда Россия Кыргызстанда орус тили Конституция боюнча расмий макамга ээ болуп, өлкө боюнча кеңири жана эркин колдонулушун жогору баалай турганын белгиледи.

 

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»